Кечээ, 29-майда саат 21:50 чамасында Аламүдүн районун “Бишкек-Кордай” унаа жолунун 9-чакырымында белгисиз айдоочу унаа менен түндүктөн түштүккө карай башкарып бара жатып, жолдон өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден иизин жашырып, качып кеткен. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.
Жол кырсыгынан 1974-жылы туулган Б.С.В. аттуу жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган. Бул факты боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары “Лексуз-RX300” үлгүсүндөгү авто унаанын 1994-жылы туулган М.Ш.Э аттуу айдоочусу кармалып, андан ары тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Аламүдүн РИИБнүн Тергөө кызматына өткөрүп берилди.
Бишкек шаарынын Ленин районундагы Балбан-Таймаш конушунда бүгүн, 20-январда техникалык тейлөө борборунан (СТО) чыккан өрт саат 09:17де толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө...
7-январда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 1995-жылы туулган А.З. аттуу жаран өзүнүн жолдошуна карата чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган....
Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Совет айылынын тургуну, 1983-жылы туулган Ж.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 6-январга караган түнү белгисиз...