Авто ээнбаштык жасаган айдоочулар кармалууда. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
«5-ноябрь күнүнө караган түнү Бишкек-Манас унаа жолун жаап, унаа жарыш кылабыз деп жаткан жеринен 2 БМВ жана Ауди 80 үлгүсүндөгү унаалар кармалып, айдоочуларына карата Укук бузуу кодексинин 189-беренесине протоколдор түзүлүп, айдоочуларга ар бирине 15 миң сомдон айып пул салынды жана унаалары Сокулук аймагынын айып короо жайына киргизилди. Учурда дагы бир БМВ унаасынын айдоочусуна карата протокол түзүлүп жатат», — дешти.
Калган жол эрежесин бузууга аракет кылган унаалардын баары изделүүдө.
Посмотреть эту публикацию в Instagram