Сокулук районунда мефедрондун ири партиясын сатууга аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-22 жаштагы жаран узак убакыт бою Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында баңгизаттарды таратуу менен алектенгендиги аныкталган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” боюнча кылмыш иши козголгон. 4-январь күнү Сокулук районунун аймагында 2004-жылы туулган жаран кармалган.
Тинтүү учурунда шектүүдөн кара түстөгү баштык табылган, анын ичинде кара жана жашыл түстөгү термобаштыкчаларда баңгизаттар болгон. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган заттар «мефедрон» психотроптук зат экени аныкталган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган мефедрон психотроптук баңгизаттрады сатууда киреше 1 миллион сомдон ашмак. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди.