Пара алуу фактысы менен Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында, кармалган жаран Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарынын милдеттерин аткаруучу болуп иштеп турган кезде 45 миң доллар акча каражатын опузалап алуу фактысы аныкталды. Кечээ, 6-декабрда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.