Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 24-чакырымында жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 3-декабрда саат 01:48 чамасында болгон. Кырсыктын кесепетинен 48 жаштагы эркек киши алган жаракатынан улам каза болгон.
Кечээ, 9-декабрда облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мыйзам бузууга шектелип, Мазда үлгүсүндөгү унаанын 27 жаштагы айдоочусу кармалды. Учурда унаа айып аянтчасына токтотулуп, тергөө иштери уланууда.