Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жеңил унаа тосмону сүзүп, толугу менен күйүп кеткен. Аял киши күйүк алды (сүрөт)

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 114-чакырымында Ауди 100 S4 жеңил унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдун тосмосун сүзүп, унаадан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ал жерге 1 бөлүм саат 09:30да чыгып, саат 10:03тө өрттү чектөөгө алып, саат 10:05те толук өчүрүштү. Өрттүн кесепетинен 1986-жылы туулган аял киши денесинен күйүк алды.