Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы өрт чектөөгө алынды

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 9-майда Тоң районун басып өткөн Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 157-чакырымында куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 08:45те Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, саат 10:50дө чектөөгө алынган.

Кечээ, 8-майда саат 19:00дө Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айыл аймагында Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 157-чакырымында ачык аянтта бир күн мурда чыккан өрт өчүрүлгөн болчу.