Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, из жашырган айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
1-май күнү саат 22:45 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 110-чакырымында айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Кесепетинен жөө жүргүнчү ооруканада каза болгон. Ал эми айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен.
Милиция тарабынан Хонда-Акура үлгүсүндөгү унаа аныкталган. Күбөлөрдөн сурак алуу жана унаанын табылган жерин кароо учурунда, айдоочусу аныкталып, анын 1996-жылы туулган жаран экени белгилүү болгон. Шектүү «Манас» эл аралык аэропортунан кармалып, Чүй облусунун Кемин РИИБинин Тергөө кызматына жеткирилген.