Бүгүн, 6-декабрда ӨКМ маалымат таратып, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жол кырсык катталганын, анын кесепетинен 2 адам көз жумганын билдирген эле. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нарын ОИИБден каза болгондор тууралуу маалымат беришти.
«6-декабрь күнү саат 00:30 чамасында Кочкор айылынын тургуну «102» кызматына жол кырсыгы тууралуу маалымат берген. Аталган билдирүү боюнча окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда, төмөндөгүлөр аныкталган: Бишкек Нарын-Торугарт унаа жолунун 198-чакырымында Кочкор айылынын тургуну 2000-жылы туулган жигиттин башкаруусундагы БМВ 323 үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, рулга ээ боло албай жолдун жээгиндеги чоң бактарды сүзүп, жол кырсыгына учураган. Кырсыктын кесепетинен айдоочу Кочкор айылынын тургуну 2000-жылы туулган жигит, жанында жүргүнчү болуп бара жаткан 2005-жылы туулган кыз мерт кеткен. Бул факты Кочкор РИИБи тарабынан каттоого алынып, азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.