Бишкек-Ош жолун каптаган суу. Жол толук тазаланды

Кечээ, 18-май күнү Ош облусунун Кара-Суу районунда саат 19:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек-Ош унаа жолунун 647-чакырымында, тактап айтканда, Кайрагач айылына караган Отуз-Адыр каналынан суу ашып, унаа жолду каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын башчысы, райондун акими, райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы барып, 3 жүктөгүч, 1 манипулятор тартылып, саат 22:15те унаа жол толук тазаланып ачылган.