Бишкек-Ош унаа жолунун 530-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, MAZDA менен НOWO унаалары сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 1985-жылы туулган адам каза болгон.
Жерине №55 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.