Бишкек-Ош унаа жолунда өзгөчө ири өлчөмдөгү гашиш сатуу учурунда эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
ИИМге Жалал-Абад облусунда жаран баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты Жалал-Абад ОИИБге катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. 18-март күнү Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айылында Бишкек-Ош унаа жолунда эки Кыргыз жараны ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууда кармалган. Кармалган шектүүлөрдөн өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү 65 брикет табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат салмагы 786 грамм «гашиш» баңгизаты болуп аныкталган. Кармалгандардын бирине таандык Ниссан үлгүсүндөгү унааны тинтүү жүргүзүү учурунда дагы 48 грамм «гашиш» да табылган. Кармалган заттын жалпы салмагы 834 граммды түздү.
Азыркы учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кармалгандар Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилди.
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (ЖАМК) камактагы ырчы Аскат Жетигенди мөөнөтүнөн мурда бошотууга мыйзам жол бербей турганын билдирген. Бул тууралуу жергиликтүү...
Бүгүн, 9-декабрь күнү эртең менен саат 8:33тө Бишкектин Эркиндик бульварында жайгашкан турак үйдөн өрт чыкканы тууралуу маалымат ӨКМге түшкөн. Өрттү...
Чүй облусунда аялын сабап өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 4-декабрь күнү Сокулук РИИБге Сокулук районуна караштуу Арал...
Баткенде жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. 5-декабрь күнү саат 21:00 чамасында Баткен шаарынын...