Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталып, 6 адамдын өмүрү кыйылды

Бишкек-Ош жолунун 374-чакырымында 6 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, оор жүк ташуучу Скания Р-420 үлгүсүндөгү унаа менен Форд Транзит сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Форд Транзит үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги 6 адам көз жумган. «Форд Транзит Бишкектен Ошту көздөй бара жаткан, каршы тилкеге чыгып, алдыда келе жаткан фураны сүзгөн. Ал эми жүк ташуучу унаа Оштон Бишкекке бара жаткан», — дешти милициядан.