Жалал-Абадда жүк ташуучу унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 2-ноябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 302-чакырымында Газель үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттү №97 ӨКБдан бир өрт өчүрүүчү бөлүмү белгиленген аймакка саат 17:00дө жетип 17:02де курчоого алынып, 17:50дө толугу менен өчүрүшкөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.










