Бишкек-Ош жолунда Mercedes-Benz Sprinter оодарылып калды

Бишкек-Ош унаа жолунун 213-чакырымындагы Ала-Бел тилкесинде Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа оодарылып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине Бишкек-Ош унаа жолунун 238-чакырымында жайгашкан ӨКМдин куткаруу тобу КаМАЗ унаасы менен тартылып, тыгылып калган унааны сүйрөтүп чыгарып беришкен. Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жок.