Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, 1 адам көз жумду

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталып, 1 адам көз жумду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 86-чакырымда, саат 05:00 чамасында катталган. Анда оор жүк ташуучу унаа менен Хонда Одиссей унаалары сүзүшкөн. Кырмсыктын кесепетинен жеңил унаанын жүргүнчүсү көз жумду. Ал эми жеңил унаадагы дагы бир адам Жайыл райондук ооруканага жеткирилген.