Кечээ, 5-март күнү Астана убактысы боюнча саат 10:20да Актөбе облусунун Шалкар районунун Биршогыр вокзалында Бишкек-Самара багыты боюнча №317 (10 вагондон турган) жүргүнчү поезди каптал тарабынан маневр жасоочу тепловоз (вагонсуз) менен кагылышуу болгон. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Окуянын кесепетинен 3 вагон (2 жүргүнчү жана 1 баш тепловоз) рельстен чыгып кеткен (оодарылуу болгон эмес). Поездде жалпысынан 214 адам (жүргүнчүлөр — Кыргыз Республикасынын, Орусиянын, Казакстандын жарандары, ошондой эле, КТЖнын кызматкерлери) болгон, алар поезддин башка вагондоруна жайгаштырылган.
Казакстандын Актөбе облусунун Саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматы боюнча, 2 адам медициналык жардам сурап кайрылган (поезддин проводниги (жолдо вагонду кароочу кызматкер) – кан басымы жогорулаганына арызданган, жүргүнчү – кол оорусуна арызданган). Экөөнө тең тез медициналык жардам көрсөтүлдү, госпитализация керектелген жок. Медициналык жардам көрсөтүү боюнча башка жарандар кайрылган эмес.
Саат 10:40та аталган жерге 6 кызматкер жана 1 атайын техника бирдиги жөнөтүлгөн, ага кошумча катары, саат 13:10до «Казавиаспас» АКнын ЕС-145 тик учагында (220 чакырым) 4 кызматкерден турган ыкчам оперативдик топ жөнөтүлгөн. «Казакстан темир жолу» УК АБнын Шалкар жана Кандыагаш станциясынан 2 калыбына келтирүүчү поезди жана 50 кызматкер жөнөтүлдү.
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунда жана Казакстандын Актөбе облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаментинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана «Казакстан темир жол» УК АБнын өкүлдөрүн тартуу менен ыкчам штаб түзүлгөн. Ошондой эле, поезддеги жүргүнчүлөрдү тамак-аш менен камсыздоо маселеси иштелип чыккан. «Жакынкы арада, жүргүнчүлөрдү каттам боюнча андан ары жөнөтүү үчүн кошумча вагондор жөнөтүлүшү күтүлүүдө. Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жергиликтүү мамлекеттик органдар менен байланышта жана Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине кайтаруу маселеси биргеликте каралууда», — деп айтылат маалыматта.











