Алдамчылык фактысы боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө Бишкек шаардык кеңешинин депутаты М.у.А. тарабынан алдамчылык фактысы аныкталып, ал 2024-жылдын октябрь айында шайлоо кампаниясын каржылоо максатында WhatsApp мессенжери аркылуу өзүн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев катары көрсөтүп, алдамчылык жолу менен партиянын мүчөсүнүн 30 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алган. Бул фактынын негизинде УКМК алдамчылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кармалып, ага тиешелүү айып тагылып, 17-мартта камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган. Учурда тергөө иштери уланууда.
М.у.А. инициалына Мусагул уулу Амантур («Эмгек» фракциясы) дал келет.