Бишкек шаардык соту Болот Темировдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Бишкек шаардык сотунун судьялары журналист Болот Темировдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов Фейсбукта билдирди.

Анын айтымында, алар тергөөчү милиция бөлүмүнө жеткирип жатканда кармоо протоколун түзбөгөнүнө карабай ушундай чечим чыгарышты. «Төрагалык кылуучу судья Эсеналиев соттун чечими коомчулукка ачык жарыяланып жатканын да билбейт», — деди жактоочу судьянын чечимди жарыялоо учурунда видеого тартууга тыюу салганы боюнча.