Royal
SerepTV Logo

Бишкек шаардык сотунун судьясы менен жубайы кармалды

Бишкек шаардык сотунун судьясы менен жубайы кармалды
Бишкек шаардык сотунун судьясы жана анын жубайы УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Бишкек шаардык сотунун жазык коллегиясынын судьясы жана судьянын аялы тарабынан алдамчылык фактысы аныкталды. "Тактап айтканда, Кыргыз жаранынан 2000 доллар (174 000 сом) өлчөмүндө акча талап кылган. Мындан улам аталган жаран “МБанк” тиркемеси аркылуу судьянын жубайынын атына акча которгон. Ал жолдошу болгон Бишкек шаардык сотунун жазык коллегиясынын судьясын Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясынын судьясы менен байланышууну суранып, жарандын пайдасына чечим чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган", - деп айтылат маалыматта. Билдирүүгө ылайык, 16-декабрда судья Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясынын судьясынын иш бөлмөсүнө кирип, доогер жаранга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал эми судья-баяндамачы мындан баш тартып, мыйзамдарга ылайык чечим кабыл алына тургандыгын белгилеген. Ошол эле учурда, судья-баяндамачы аталган жарандык ишти кароону токтоткон, бул доогердин пайдасына болгон эмес. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, судьянын жубайы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Бишкек шаардык сотунун судьясына карата чогултулган материалдар Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына жөнөтүлүп, алар 18-декабрда кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук беришти.  
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

target="_blank" rel="noopener noreferrer">Публикация от КР УКМК | ГКНБ КР (@gknb.official)

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

09:44 04.05.2026

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Бишкек-Ош унаа жолунда чоң көлөмдүү таш көчкү түштү

09:03 05.05.2026

Минкаб башчысы Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшүнө байланыштуу кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

10:03 04.05.2026

Селден жабыркаган региондордо санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруктуу

08:47 04.05.2026

Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт

03:02 04.05.2026

Ташкент шаарында эки аял менен жашаган эркек биринчи жубайын өлтүрүүгө киллер жалдаган

14:12 05.05.2026

"Prada кийген азезил" тасмасынын үчүнчү бөлүгү тартылганы жатат

12:57 05.05.2026

Кара-Балтада ресторандын дубалы кулап, администратор каза болду

11:37 05.05.2026