Бишкек шаардык кеңештин депутаты Таалай Темиркулов үй камагына чыгарылды

Алга Кылычовго ок атты делип кармалган шаардык кеңештин депутаты Таалай Темиркулов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим Ленин райондук сотунан чыгарылган. «Жабырлануучу шектүүгө карата тосмо арыз жаган»,- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Бишкек шаардык кеңештин депутат Таалайбек Темиркулов Алга Кылычовдун бутуна ок аткан деп шектелип жаткан. Кийин Ленин РИИБдин басма сөз кызматы анын кармалганын билдирген.