Бишкек шаарында уурдалып, кийин киши колдуу болгон Айзада Канатбекованы 200дөн ашык милиция кызматкерлери издеди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин жетекчиси Бакыт Матмусаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 5-апрель күнү саат 8:20лар чамасында «Перехват» планы жарыяланган.
«Ыкчам-иликтөө иштерине Бишкек ШИИБдин борбордук аппаратынын 150дөй, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн 60тай кызматкери тартылган. Камераларды караганда Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнөн баштап Ак-Ордого чейин барганы көрүнгөн. Андан ары видео байкоолор жок болгон. «Перехват» жарыялангандан бир саат өткөндөн кийин ал унаа Ак-Ордодон өткөнү көрүнгөн«, — деди Матмусаев.
ШИИБ башчысынын билдиришинче, 102 номерине саат 7:28де чалуу түшкөндөн кийин 5 мүнөттүн аралыгында Биринчи май райондук милициянын кызматкерлери кабарлаган кызга барып көрсөтмө алган. Ал эми саат 10:30да кыздын жумушунан апасына чалышып, Айзада ишке келбегенин айтышкан. Апасы 13:34тө милицияга келип арыз жазган.