«Мындай мүнөздөгү кылмыштардын баары үй-бүлөлүк шартта же алкоголдук ичимдиктерди ичкенден кийин жасалат». Бул тууралуу АКИpress’тин түз эфиринде Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев 5-кичи райондогу үч киши өлтүрүү фактысын комментарий берип жатып билдирди.
Анын айтымында, окуя болгон жерди кароо учурунда столдун үстүндө спирт ичимдиктери табылган. «Шектүү менен жабырлануучу спирт ичимдиктерин ичкен, бул экспертизанын жыйынтыгы менен да тастыкталды. Алардын ортосунда оозеки чыр чыгып, ал трагедияга айланган», — деди Ногойбаев.
16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда 3 адамдын киши колдуу болгону маалым болгон. Батирден апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү кармалып, кийинчерээк анын УКМКнын мурдагы кызматкери экени белгилүү болгон. Ошондой эле үйдөгү камерага түшүп калган үрөй учурган видео тараган.