Бишкек-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан аял жана наристе каза тапты. Бул туурасында Сереп Медиа маалымат агенттигине Бишкек шаардык жол көзөмөл башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.
Анын айтымында, кырсык бүгүн, 15-мартта Кемин шаарчасындагы айлампа жолдо болгон. «Окуя саат 12:15те Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 90-чакырымында 4 унаанын катышуусу менен болгон. «Тез жардам» унаасы Кеминди көздөй кетип баратып, Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаа менен кагылышып, андан ары барып Хонда Инспайр унаасын сүзгөн. Ошол эле учурда Тойота Эстима күү менен барып, Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Кырсыктан Хонда Инспайр унаасында жүргүнчү катары келе жаткан эки киши мүрт кеткен. Алар 37 жаштагы аял жана 3 жаштагы кыз», — деп билдиришти мекемеден.
Ошондой эле азырынча бир адамдын жаракаттар менен ооруканага жеткирилгени айтылууда. «Күбөлөр башка жабырлануучулар дагы болгонун, аларды жолдон өтүп бараткан унаалар ооруканага жеткирүү үчүн салып кеткенин айтып жатышат. Учурда бул маалымат такталууда», — деп билдирди Тилек Исаев.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга жол эрежесин так сактоону эскертет. Коопсуз аралыкты сактап, ылдамдыкты чегинен ашырбай айдоо жол кырсыгынан сактайт.












