Бишкек-Торугарт жолунда жол кырсыгы катталып, 2 жигит ооруканага жеткирилди

Кечээ, 14-августта Бишкек-Торугарт жолунда жол кырсыгы катталып, 2 жигит ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

14-август күнү саат 11:00 чамасында Бишкек-Торугарт айланма жолунун 35-чакырымында 1999-жылы туулган айдоочу өзүнө таандык БМВ х-5 үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып рулга ээ боло албай аласалып кеткен. Кесепетинен  БМВ х-5 унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү ар кандай жаракаттары менен Кант шаардык ооруканасына жеткирилген.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.