Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир жигит каза болду. Дагы жети киши жаракат алды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, саат 00:30дар чамасында Кант районунда Toyota Ipsum менен Ауди 100 унаалары сүзүшкөн. Жол кырсыгынан жалпысынан сегиз адам жабыркаган. Ауди 100 унаасынын 21 жаштагы айдоочусу ооруканага жетпей каза болду. Жаракат алгандардын аты-жөнү жана кырсыктын себептери такталууда.