Бишкек-Торугарт жолундагы жол кырсыктан бир жигит көз жумду. Дагы жети киши жаракат алды

Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир жигит каза болду. Дагы жети киши жаракат алды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, саат 00:30дар чамасында Кант районунда Toyota Ipsum менен Ауди 100  унаалары сүзүшкөн. Жол кырсыгынан жалпысынан сегиз адам жабыркаган. Ауди 100 унаасынын 21 жаштагы айдоочусу ооруканага жетпей каза болду. Жаракат алгандардын аты-жөнү жана кырсыктын себептери такталууда.