Бишкек-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 7 адам жабыркады

Бишкек-Торугарт унаа жолундагы жол кырсыгынан 7 адам жабыркады. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 14-апрелде күндүзгү саат 14:00дөр чамасында болгон. Бишкек-Токмок-Торугарт автожолунун 18-чакырымында (Киргшелк айылы) Мерседес Бенц Спринтер унаасы менен ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркаган. Жерине Ысык-Ата райондук №27 өрт куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган 69 жаштагы аялды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

«Жабыркаган жарандар Кант шаардык ооруканасына жеткирилген. Алардын абалдары орто», — дешти министрликтен.