Бишкекте №227 кичи автобус жаш кызды сүздү

Бишкекте бүгүн, 7-октябрда эртең менен саат 9:45те Киев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде №227 кичи автобус кызды сүзүп кетти.

Жуналисттерге Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришкендей, жабырлануучу Тез жардам кызматы менен Улуттук госпиталга жеткирилген. Текшерүүдөн кийин палатага которулган.

Айдоочу спирт ичимдигине анализ тапшырган, жыйынтыгы терс чыккан.