Милиция кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте аялына системалдуу түрдө физикалык зомбулук көрсөткөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
6-февралда милицияга жаран арыз менен кайрылып, жолдошуна чара көрүүнү суранган. Себеби бир жылдан бери системалдуу түрдө физикалык зомбулук көрсөтүп келген. Тактап айтканда, 2023-жылдын август айында Бишкек шаарынын 4-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда жүрүп, денесине эч себепсиз залал келтирген. Андан кийин белгисиз тарапка качып кеткен. Аталган факты Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери УКМК кызматкерлери менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, 1972-жылы туулган жаранды кармады. Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүүнүн туруктуу жашаган жеринен 2 ок атуучу курал, 2 магазин, 5 гильза табылып, керектүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram