Бишкекте 100дөн ашуун адамды алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкекте каржы пирамидасын уюштуруучусунун негиздөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

2024-жылдын март айында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге 100дөн ашуун жаран “Chargefast” (тез заряд) компаниясынын ээлерине карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Алар акчаны эки эсе көбөйтүү шылтоосу менен ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен көп суммадагы акча каражаттарын ээлеп алышкан. Андан кийин убадасын аткарбай, жүргөн жерин жашырышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (финансы пирамидаларын уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан аталган пирамиданын эң негизги уюштуруучусу 1981-жылы туулган шектүү аныкталып, кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.