Бишкекте 11 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен маршруттук таксинин айдоочусу кармалды

Бишкектин Дэн Сяопин көчөсүндө маршруттук такси окуучу кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 17-февралда саат 17:00 чамасында болгон. №138 маршруттук унаанын 1993-жылы туулган айдоочусу Дэн Сяопин көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып, Каракумский көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 2011-жылы туулган кызды сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен окуучу №3 шаардык ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталып жатат.