Кылмыштуу топтун чыр-чатагынан улам адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
2014-жылдын 26-июлунда Бишкек шаарында мурда ички иштер органдарынын каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү (Джин каймана аты менен) катары турган, 1981-жылы туулган жаран өлтүрүлгөн. Бул факты боюнча тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде (адам өлтүрүү, эски редакция) кылмыш иши козголгон.
Эксперттердин корутундусуна ылайык, алынган 9 мм калибрдеги ок жана гильзалар, болжол менен спорттук-машыгуу тапанчадан атылган. Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө аныкталгандай, бул адам өлтүрүү таасир жана көзөмөл үчүн күрөшкө байланышкан кылмыштуу топтордун ортосундагы каршылыктын натыйжасында болгон. Чыр-чатактын алкагында уюшкан кылмыштуу топтун бир мүчөсү атаандаш тараптын өкүлүн жок кылууну өзүнө милдет катары алган.
Милиция кызматкерлери тарабынан киши өлтүрүүгө шектелип 1983-жылы туулган жаран кармалган. Анын унаасын текшерүү учурунда баңгизат болушу мүмкүн деп эсептеленген төрт түрмөк табылган. Мындан тышкары, шектүүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар кара куурайга окшош заттар табылган. Учурда алынган заттар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.











