Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 2 милиция кызматкеринин жазасынын мөөнөтү кыскарды

30-августта Бишкектеги 13 жаштагы кыздын кордолушу боюнча соттук отурум өтүп, сот өкүм чыгарган. 2 милиция кызматкери 15 жылдан, «Дордой» базарынын күзөтчүсү 10 жылга эркинен ажыратылган болчу.

Бүгүн, 13-январда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жабырлануучу кыздын атасы менен байланышканыбызда, эки милиция кызматкеринин мөөнөтү Бишкек шаардык соту тарабынан кыскартылганын билдирди. «Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектору болуп иштеген милиция кызматкеринин жаза мөөнөтүн алты жылга, ал эми Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык милиция кызматкери болуп иштеген кызматкердин жаза мөөнөтүн тогуз жылга чейин азайткан чечим чыгарды», — деди ал.

Азырынча Бишкек шаардык соту маалымат бере элек.