Бишкекте 14 жаштагы кыз 13-кабаттан кулап каза болду

Бишкекте 14 жаштагы кыз көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги 13-кабаттын терезесинен кулап каза болду. Маалыматты «Тез жардам» кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя Жал кичи районунда 17-июлга караган түнү катталган. Өспүрүм «Тез жардам» кызматы келгенге чейин каза болгон.