Бишкекте 13 жаштагы кызды милиция кызматкерлери зордуктаганбы? Окуя боюнча милиция үн катты

Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

18-февралда Бишкектеги Биринчи Май РИИБге арыз менен кыздын апасы кайрылган. Ал өз арызында анын 2008-жылы туулган кызын Кулиев көчөсүндөгү үйдө 16-февралда саат 21:00 чамасында зордуктаган жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2003-жылы туулган жаран кармалды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Буга чейин Фейсбук колдонуучусу Адыл Акжол уулу кызды 3 милиция кызматкери зордуктаганын жазып чыккан. Соцтармакта жарыяланган маалымат боюнча Биринчи май райондук милициясынан Бишкек ШИИББинде тийиштүү текшерүү дайындалганын жана анын жыйынтыгы кошумча маалымдана турганын билдиришти.