Социалдык тармакта 15 жаштагы өспүрүмдүн жакындарынын кайрылуусу жарыяланды. Алардын айтымында, өспүрүм 23-августта Көк-Жар айлындагы каналга түшүп агып кеткен. «Ошол боюнча дайынсыз болуп жатат. Бул канал Чоң Чүй каналына кошулат экен. Эл агып бара жатканын көрүптүр», — деди тууганы.
Ал эми өспүрүмдүн атасы кайрымдуу жарандардан издөө иштерине жардам сурады.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуя боюнча Октябрь РИИБи тастыкташты. «23-августта саат 16:50 чамасында Бишкек ШИИБдин 102 кызматына 15 жаштагы бала каналга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Учурда издөө иштери жүрүп жатат», — дешти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram











