Бишкекте 150 миң сом пара талап кылууга шектелип милиция кызматкери кармалды

УКМК тарабынан 1-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери, милициянын капитаны пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.

Такталгандай, кылмыш жообуна тартылып, камакка алынат деп коркутуу жолу менен чет элдик жарандан 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган. Опузалап пара талап кылуу беренеси боюнча Биринчи май районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.