Бишкекте үйдөн өрт чыгып, 19 адам убактылуу жайга жайгаштырылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
10-декабрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Балбан-Таймаш конушунда жайгашкан эки кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 13:18де Ленин райондук № 6 Өрт куткаруу бөлүгүнөн 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 16:40 толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу калай менен жабылган жалпы аянты 250 чарчы метр эки кабаттуу үйдүн чатыры, экинчи кабаттын жыгач полу, терезе, үй-тиричилик буюмдары күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Адам өмүрүнө зыян алып келген эмес. 16 батир жайгашкан эки кабаттуу үйдөгү 19 киши Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан убактылуу №1 Гимназия-интернатка жайгаштырылып, тамак-аш менен камсыздалууда.