Бишкекте 17 жаштагы жигит милициядан качып, жол кырсыгын жараткан

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-октябрда Жибек Жолу проспектиси менен Будённый көчөлөрүнүн кесилишинде милиция кызматкерлери Хонда Степваган унаасын жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан. Патрулдук милиция кызматкерлери документтерди текшерейин дегенде, айдоочу каршылык көрсөтүп, качкан. Салиев менен Будённый көчөлөрүнүн кесилишинде Хонда Фольксваген Пассат унаасы менен сүзүшкөн, бирок бул айдоочуну токтото алган эмес, ал милициядан качып кете берген.

«Таатан» соода борборунун жанында патрулчулар унааны токтотууга аракет кылышкан, бирок Хонда патрулдук унааны сүзүп, жол эрежесин бузуп, авариялык абал түзүп, кырсык болгон жерден чыгып кеткен. Ал Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында кармалган. Анын аты-жөнү такталып, 2004-жылы туулган жашы жете элек өспүрүм экени аныкталды. Ал ата-энесине өткөрүлүп берилген. Ошондой эле ага 32,5 миң сом айып салынып, унаа айып жайга киргизилди.