Кечээ, 16-сентябрь күнү саат 23:30 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Коенкөзов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде кыз эркек кишиге пикир келишпестиктин кесепетинен бычак сайганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
Киши алган жаракатынан каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз өзүнүн дагы денесине залал келтирген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголду.
Азыркы учурда 2008-жылы туулган кыз жаран конвойдун көзөмөлүндө ооруканада жатат. Бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда.








