Бишкек шаарында 18 жаштагы жаран баңгизатын сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден кабарлашты.
2021-жылы 6-октябрда Т. аттуу Бишкек шаарынын тургуну баңгизаттарды Ошко өткөрүүнү пландап жатканы тууралуу маалымат келген. Аталган факты электрондук китепчеге катталып, баңгизатты мыйзамсыз даярдоо жана сатуу беренеси менен кылмыш иши ачылган.
Иликтөөнүн жыйынтыгында 18 жаштагы Ш.Б. кылмышка шектелип кармалды. Кармоо учурунда анын жанынан 1 килограмм 342 грамм салмактагы көкнаар табылган. Шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Социалдык тармактарда "Таш-Көмүрдө унаа жардан кулап кетти" деген видео тарады. Видеодон жаракат алган жарандардын жерде жатканын көрүүгө болот. Милиция азырынча...
Кадамжайда өспүрүм каналга түшүп каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. 18-июнда саат 20:50 чамасында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы...
Базар-Коргондо атышуудан улам эки жаран камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. 18-июнь күнү Базар-Коргон РИИБге Жалал-Абад шаарынын 1996-жылы туулган...
Бишкекте жолдун ортосун кесип өткөн БМВ Х-5 унаасынын айдоочу кармалып, түшүндүрүү иштери жүргузүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Андан...
Бишкекте коомдук жайда мушташкан аялдар аныкталып, камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 18-июнь күнү социалдык тармактарда Кулиев көчөсүндө...