Бишкекте 18 жаштагы жигит баңгизат сатууга шектелип кармалды (видео)

Бишкек шаарында 18 жаштагы жаран баңгизатын сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден кабарлашты.

2021-жылы 6-октябрда Т. аттуу Бишкек шаарынын тургуну баңгизаттарды Ошко өткөрүүнү пландап жатканы тууралуу маалымат келген. Аталган факты электрондук китепчеге катталып, баңгизатты мыйзамсыз даярдоо жана сатуу беренеси менен кылмыш иши ачылган.

Иликтөөнүн жыйынтыгында 18 жаштагы Ш.Б. кылмышка шектелип кармалды. Кармоо учурунда анын жанынан 1 килограмм 342 грамм салмактагы көкнаар табылган. Шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.