Борбордук милиция 2006-жылы туулган К.М. аттуу шектүүнү кармаган. Тинтүү учурунда шектүүдөн 20 кара түстөгү спецификалык жыты бар белгисиз зат табылып, жалпы салмагы 61 граммды түзгөн. Шектүү Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
14-февралда 102 кызматына белгисиз адамдар баңги заттарды сатып жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Маалыматты текшерүү учурунда, Исанов көчөсү менен ЧЧКнын кесилишинде 2006-жылы туулган К.М. аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Шектүү көрсөтмөсүндө, аталган спецификалык заттарды социалдык тармагындагы интернет дүкөндөрү аркылуу сатып алгандыгын билдирген. Аталган факты боюнча «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда алынган заттар соттук экспертизага жөнөтүлүп, тергөө амалдары улантылууда.