Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери каракчылыкка шектелген 4 жигитти кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
23-ноябрда саат 02:00 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Ататүрк эс алуучу паркынан тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке Бишкек ШИИБ боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда, 2002-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен белгисиз жарандар арыз ээсин тапанча менен коркутуп, баасы 14 миң сом турган телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.
Кылмышка шектелип, 2004-жылы туулган 3 жигит жана 2001-жылы туулган бир жигит кармалды. Бул факты Октябрь РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 201-берененин (тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.








