Бишкекте 6 миң доллар талап кылууга шектелип 2 жаран кармалды (видео)

Бишкек милициясы пара талап кылууга шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

11-ноябрда милицияга жаран кайрылып, андан жарым жылдан бери 2 жаран 6 миң доллар талап кылып жатышканын айткан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен 1991 жана 1989-жылы туулган жарандар кармалды. Тергөө уланууда.