Бишкек шаарында турак үй өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты.
Бишкектин Ленин районунда жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө шаар райондорунан жалпысынан 4 бөлүм өрт өчүрүүчү-куткаруучулары, 1 штаб, 1 суу ташуучу унаа тартылган. Тилсиз жоо саат 3:57де чектөөгө алынып, таңкы саат 5:23тө толугу менен өчүрүшкөн. Бактыга жараша өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Учурда өрт кырсыгынан келип чыгуу себептери такталууда.