Бишкекте 2 кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү (видео)

Бүгүн, 17-март күнү Бишкектин Октябрь районунун 11-кичи районунда жайгашкан эки кабаттуу турак үйдүн бастырмасында өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 09:35те Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 10:43тө толугу менен өчүрүлгөн. Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар болгон эмес.

Тилсиз жоонун кесепетинен бастырманын 55 чарчы метр чатыры, ичиндеги муздаткыч, темир станоктор, кир жуучу машина өрттөнгөн. Өрт өчүрүүчүлөр ыкчам аракет көрүү менен бастырмадан чыккан өрттүн жалынын эки кабаттуу үйдүн чатырына жана дубалына өткөрбөй сактап калышкан.