Бишкекте бейбаштык кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
13-февраль күнү саат 16:45 чамасында Павлова менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде милициянын участкалык тескөөчүсү кызмат өтөп жүрүп жаткан учурда, коомдук тартипти одоно бузуп, спирт ичимдиктерин ичип жаткан 3 адамга эскертүү берген, ага карабастан алардын экөөсү милиция кызматкерине таш ыргытышкан, бул факты боюнча милиция кызматкери рапорт менен кайрылган.
Аталган фактынын негизинде Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Көрсөтүлгөн фактынын негизинде 1995 жана 1998-жылы туулган шектүүдөр кармалып, Тергөө бөлүмүнө жеткирилген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram