Бишкекте 2 унаа сүзүшүп, 4 адам жабыркады (сүрөт)

Бишкектеги жол кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык Путепроводная менен Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда Volkswagen Golf жана Honda Fit унаалары сүзүшкөн. Жол кырсыктын кесепетинен 4 эркек киши жабыркаган.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.